Өнөктөштөр

БАКТЕР компаниясы юридикалык жана жеке жактарды кызматташууга чакырат. Учурда биз кызматташуунун эки түрүн сунуштайбыз:

регионалдык соода өкүлдөрү (жеке адамдар үчүн); дилерлер (юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн). Дилерлер жана соода өкүлдөрү үчүн төмөндөгүдөй шарт колдонулат: алар аттандаш фирмалардын ушул сыяктуу продукциясын сатпоосу керек.

Регионалдык соода өкүлдөрү

Өз регионунда биздин продукциябызды жайылтууга жардам берген, жетиштүү деңгээлде квалификациялуу, каалаган активдүү адам БАКТЕР компаниясынын регионалдык соода өкүлү боло алат. Анын милдети жергиликтүү саламаттыкты сактоо мекемелерин биз сунуштаган продукция менен тааныштыруу, жеткирүүлөрдү камсыздоого көмөктөшүү жана өз аймагында рыноктуу кеңейтүү болуп саналат. Биздин өкүлгө жардам катары биз кардарлардын суранычы боюнча жарнамалык материалдарды, кардарлар менен иштөө боюнча инструкцияларды жана түшүндүрмөлөрдү, үлгүлөрдү жана продукциянын мүнөздөмөлөрүн жана башка керектүү документтерди бере алабыз. Соода өкүлү биздин товарларыбыздын жайылтуусун, келишимдердин түзүлүүсүн камсыздайт, жеткирүүлөрдү көзөмөлдөйт, кардарлардын чөйрөсүн кеңейтет, суроо-талаптын калыптанышына катышат, региондогу суроо-талап менен сунушту анализдейт, кызматташуунун шарттары, продукцияны модификациялоо мүмкүнчүлүгү жана жаңы продукцияны киргизүү боюнча кардарлардан сын-пикирлерди жана каалоолорду алат.

Дилерлер

Өз аймагында ушул сыяктуу тармакта иштеген же ишмердүүлүктүн жаңы багытын баштоону көздөгөн дүң фирмалары, эреже катары, дилер болуп калышууда. Бул фирмалардын же жеке ишкерлердин, адаттагыдай эле, туруктуу кардарлары, кампалары жана транспорту бар, ошондой эле иштеткенге каражаттары жана тажрыйбасы жетиштүү. Бизнеске кирүү алар үчүн дароо эле жеңил, анткени алар базар шарттарындагы өйдө-төмөн өзгөрүүлөргө көп деле көз каранды эмес, себеби алар товарларынын ассортиментине жаңы позицияларды кошушат. Дилер, ийгиликке жараша кошумча жеңилдиктерге ээ болушу мүмкүн, мисалы, дүң бааларынан өзгөчө дилердик арзандатуу.

Бактер компаниясы микробиологиялык багыттагы продукцияны өндүрүүчүлөрдүн өз ара пайдалуу кызматташуу боюнча сунуштарын кубаныч менен карап чыгат.

Документтер:

Россия, Калуга ш., 2-й Академический өткөөлү, 17-үй
бизге жазыңыз