Каталог

БАКТЕР компаниясынын продукциясы

Учурда биздин компания бактериологиялык изилдөөлөр жана силикондук тыгындар үчүн аспаптарды чыгарууда.

БАКТЕР компаниясынын бактериолигиялык изилдөөлөр үчүн аспаптардын ассортименттик тизмеси төмөнкү металлдык буюмдардан турат: түз ректалдык илмек, буралган ректалдык илмек, алюминий эритмесинен ректалдык илмек, бактериологиялык Дригалскийдин шпатели, алюминий тампон кармагычы, нихромдон жасалган микробиологиялык илмек, цангдык кармагыч, кармагычы бар нихромдон жасалган бактериологиялык күрөкчө, ошондой эле полипропиленден жасалган автоклавирациялана турган ректалдык илмек.

Силикондук тыгындар ар кандай көлөмдө даярдалып, пробиркаларды, флакондорду жана башка лабораториялык идиштерди жабуу үчүн колдонулат. Силикондук тыгын каналы менен жана каналсыз болушу мүмкүн. БАКТЕР компаниясы атайын микробиологиялык изилдөөлөр үчүн каналы жана жгуту бар №14,5 силикондук тыгынды чыгарат да, чөйрөнүн пробирканын ичинде "дем алышына", ал эми автоклавирациялоо учурунда тыгындын пробиркада бекем кармалышына шарт түзөт.

Plasti Lab компаниясынын продукциясы

Plasti Lab компаниясынын продукциясы эң жогорку сапат менен арзан бааларды айкалыштырып, талаптарды койгон кардарлардын үмүтүн актай алат. Plasti Lab бир жолу колдонулуучу пластикалык идиши жогорку сапаттагы медициналык полистиролдон жасалат. Plasti Lab компаниясы продукциянын сапаттуулугунун кепилдигине чоң көңүл бурат. Бардык продукция ISO 9001 стандарттары боюнча сертификацияланган. Силер бизден Петри табакчалары сыяктуу лабораториялык пластикти, биоматериалдарды чогултуу үчүн контейнерлерди, инокуляциялык илмектерди, пластикалык пробиркаларды (5 мл жана 10 мл тегерек түбтүү пробирка, 15 мл жана 50 мл стерилденген градуирдик центрифуждук стерилдүү пробирка) толтургучтары бар кан чогултуучу вакуумдук пробиркаларды, жогорку сапаттагы дозаторлор үчүн универсалдуу калпакчаларды, ошондой эле жалпы медициналык пластикти: таштандыларды жана ийнелерди жок кылуучу контейнерлерди, жогорку сапаттагы дары-дармектерди ичүү үчүн стакандарды алсаңыз болот.

Россия, Калуга ш., 2-й Академический өткөөлү, 17-үй
бизге жазыңыз